Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКнын имаратында каралат

Бүгүн, 16-августта саат 10.00дө Бишкек шаардык сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы каралмак. Бирок, акыркы саатта, анын тарапташтары билдиргендей, сот процесси жүрө турган орунду алмаштырууну чечишкен. Сот коллегиясынын отуруму УКМК имаратында өткөрүлө турганы маалым болду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйынында УКМКнын имаратында каралат.

-Соттор көчмө отурум кылып УКМКнын имаратында өткөрмөй болушту. Бул кылмыш иши боюнча сот өндүрүшүнүн ачыктыгынын принциптерин одоно бузуу деп эсептейбиз. Мурдагы президентке карата жасалып жаткан мыйзамсыздыкты элден жашырбаш керек, - деди анын адвокаттарынын бири Замир Жоошев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД