Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагында 26-августка чейин кармалат

Бишкек шаардык сотунун көчмө жыйыны мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтырууну чечти. Бул тууралу журналисттерге анын адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча соттук жыйын жабык түрдө УКМК имаратында өттү, ага эч кимди, мурдагы президенттин туугандарын, КСДП депутаттарын, ММК өкүлдөрүн да киргишикен жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД