Кыргызстандык чебер Ямалда өткөрүлгөн фестивалдын дипломанты болду

17-августта Ямал-Ненецк автономдуу округундагы (Россия) Салехард шаарында "Легенды Севера" парк маданий скульптурасы боюнча фестиваль өткөрүлдү. Ага Кыргызстандан барган Урмат Советкелдиев катышты.

Мындай фестиваль Ямалда 2004-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө. Ошол кезден бери фестивалга ар кайсы өлкөлөрдөн жана Россиянын региондорунан 100дөн ашык скульпторлор катышып, алардын колунан жасалган скульптуралар бул шаардын көркүн чыгарды.

20дан ашык конкурстун катышуучуларына жыгач менен иштөө үчүн өзүнчө аянтча жана керектүү усталык шайандар берилди. Бир жума бою салехарддыктар жыгач усталардын чыгармачылыгы менен таанышып, алардын өнөрүн көрүп жүрүштү.

-Кыргызстандык чебер Урмат Советкелдиев Салехардга биринчи жолу келген. Анын "Легенды Севера" деп аталган көркөм иши адам менен жаратылыштын байланышын билдирет. Ал түзгөн чыгарманын борборунда түндүктүн жергиликтүү эли жашаган үй – чум, асман менен сууга курчалган", - деп кыргызстандык чебер жөнүндө жергиликтүү басылмалар жазышкан.

Фестивалдын баардык катышуучулары диплом менен сыйланышты. Алардын жасаган көркөм иштеринин айрымдары Приуральск районундагы Горнокнязевск айылындагы табигый-этнографиялык комплексине коюлат, дагы бир бөлүгү Салехардда калтырылат. Адистердин айтымында, бул скульптураларды атайылап сактап жана кылдаттык менен мамиле жасалса, алар ондогон жылдарга чейин сакталып турушу мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД