Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 9-октябрга чейин камакка алынды

Сотко чейинки иштин жүргүзүлүшүндө Фархад Баабиевдин 7-8-августтагы массалык баш аламандыкты уюштурууда катышы бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу ИММ басма сөз кызматы билдирди.

Министерство белгилегендей, ведомстволор аралык тергөө тобу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 7-8-августта болгон массалык баш аламандык боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүп жатат.

16-августта Фархад Баабиевге КР Жазык кодексиндеги 264-берененин 2-бөлүмүндө (Массалык баш аламандыктарга катышуу) каралган кылмышка шектелип жатканы маалымдалып, Бишкектин Биринчи май райондук соту Баабиевдин баш коргоо чарасын тандап, 9-октябрга чейин камакта калтырды.

Эске салсак, Фархад Баабиев Атамбаевдин активдүү тарапташтарынан болгон. 22-июлда Кой-Таш айылындагы кеңешмеде, эгер Атамбаевдин кол тийбестиги алынып, кылмыш иши козголо турган болсо, ошол эле күнү жарандарды Ак үйгө барууга чакырган сөзүнөн кийин, ИММ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана участкалык инспектор ал жөнүндө кызыга башташкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД