Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Алмазбек Атамбаевди 26-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Мындай чечимди Биринчи май райондук соту УКМКнын имаратында өткөн көчмө отурумда кабыл алды. Көчмө жыйын жабык өттү. Адвокат Сергей Слесарев бул чечимди мыйзамсыз деп атап, кайра даттануу ниетин билдирди.

Эске салсак, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата ИИМдин атайын бөлүмү кармоо операциясын жүргүзгөндөн кийин, аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен. Азыр Алмазбек Атамбаев ондон ашык кылмыш иши боюнча айыпталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД