Россиялыктар Кыргызстанды эс алуу үчүн жакшы өлкөлөрдүн бири катары тааныды

Россиянын жарандары үчүн Кыргызстан дүйнөдөгү белгилүү он чет өлкөлүк эс алууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу One Two Trip сервиси (саякатты уюштуруу үчүн белгилүү онлайн сервис, КМШ, Европа, АКШ жана Россия рынокторунда бар) билдирди.

One Two Trip иликтөөлөрүнө ылайык, бул планда талап кылынган он өлкөнүн биринчи-үчүнчү орунун Армения,Италия жана Турция ээледи. Ошондой эле россиялыктар Германия, Испания, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Франция өлкөлөрүнө активдүү саякат жасашат.

Эске салсак, Кыргызстан бир нече жылдардан бери өзүнүн туристтик артыкчылыгын эл аралык, ошонун ичинде Россиядагы көргөзмөлөрдө ийгиликтүү көрсөтүп келүүдө. Биздин республиканын экспозициясы үстүбүздөгү жылдын март айында Москвада өткөрүлгөн "МIТТ-2019" 26-эл аралык туркөргөзмөдө көрсөтүлгөн. Биздин өлкөдөн бул жерде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин департаменти, ошондой эле Кыргызстандын туристтик альянсы жана курорттор ассоциациясы жана бир нече туроператорлор, пансионаттар жана курорттор катышкан.

-Көргөзмөнүн катышуучулары тарабынан Кыргызстанга абдан көп көңүл бөлүндү, - деп билдирди ошол кездеги делегациянын жетекчиси, департаменттин уюштуруу-укук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Кундуз Бейшеева.

-Биз аларды өлкөбүздүн жайкы жана кышкы мезгилдеги туристтик маршруттары, дарылануу-ден соолукту жакшыртуучу комплекстери менен тааныштырдык. Биздин республиканын жаратылыш өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү маалыматтык буклеттер бат эле таралып кетти. Ата мекендик туроператорлор менен россиялык кесиптештердин жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өнөктөштөр менен байланышты арттыруу боюнча биргелешкен долбоорлор ишелип чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД