Москвада Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү белгиленет

31-августта Москванын "Кузьминки-Люблино" мамлекеттик музейинин борбордук аянтында Кыргызстандын эгемендик күнүнө арналган чоң майрам өткөрүлөт.

Бул иш чара Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тарабынан, россиялык борбордогу кыргыз диаспораларынын коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулат.

-Биздин өлкө үчүн башкы майрамга арналган "Кыргызстан Евроазиялык биримдик үчүн" деп аталган этномаданият программасы кең түзүлгөн. Ага улуттук түрдө жасалгаланып тигилген боз үйлөрү бар кыргыз айылына барып, улуттук тамак-аштын даамын татуу, кыргыз диаспорасынын жана башка улуттун өкүлдөрүнүн концерттик номерлерин, Москвадагы жыл сайын өткөрүлүүчү "Спас мунарасы" фестивалынын алкагында аскердик оркестрдин атакруусундагы чыгармаларын, ошондой эле улуттук спорт оюндарын көрүү пландаштырылууда, - деди элчиликтин атташеси Гүлбарчын Байымбетова.

Мындан тышкары майрамга РФ бийлик органдарынын жана Мамлекеттик Думанын өкүлдөрүнүн, КМШ мамлекеттеринин дипломаттык өкүлчүлүгүнүн, Россия элдеринин ассамблеясынын жана Евразиянын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстандын эгемендик күнү жыл сайын Россиянын ар кайсы региондорунда белгиленип, кыргыз коомдук уюмунун күчү менен, жергиликтүү бийликтердин жана коомчулуктун колдоосу менен өткөрүлөт. Москвада бул күнү кыргыз диаспорасынын уюму шаардын ар кандай жайларында, айрыкча кыргыз рсеторандарында жана кафелеринде майрамдашат. Бул жолку иш чараны Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана элчи Аликбек Жекшенкуловдун жеке демилгеси менен баардык күчтү топтоп жана россиялык борбордун жашоочулары менен меймандары көп барган белгилүү жайларында өткөрүү чечилген. Пландаштырылган майрамды өткөрүүгө ылайыкталган кооз жайлардын бири болуп, Кыргызстандын облустарынын + Бишкектин санын билдирген, "Кузьминкада" тигилген сегиз боз үй болуп калмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД