Равшан Жээнбеков чет өлкөнүн таасириндеги агентпи?

Кече жакында Кой-Таштагы окуяларга Равшан Жээнбековдун жана бир катар белгилүү ишмерлердин тике тиешеси бар "америкалык" издин пайда болушу мүмкүн. VB.KG редакциясына мындай жоромолун айтып, юридика илимдеринин доктору, профессор Кайрат Осмоналиев ой бөлүштү.

Анын айтымында, кыргызстандык атайын кызматтар Кыргызстандын айрым белгилүү ишмерлерин чет өлкөнүн таасириндеги агенттер катары көрсөткөн, Дело № гезитине чыккан "НПО Кыргызстана: бросок к власти" макаласы боюнча текшерүү жүргүзүп көрүшсө ашыкча болмок эмес.

Эске салсак, Дело № гезитинин материалында демократияны колдоо боюнча Улуттук фондунун мүчөлөрүнүн (NED) Кыргызстандын укук коргоочулары жана саясатчылары менен жолугушуусу жана байланышуусу тууралуу айтылган, анын ичинде экс-депутат Равшан Жээнбеков, КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, адвокат Нурбек Токтакунов, укук коргоочу Рита Карасартова жана башкалары аталган.

NED эмиссарларынын кыргыз президенттеринин ортосундагы каршылашуусуна өтө кызыгуусу, чынында эле саясий жемиштерин берди. Кызыктуудай дал келгендик болуп (дал келбеши да мүмкүн), мурда Алмазбек Атамбаевди аябастан сындап келгендердин айрымдары, капысынан эле мурдагы президенттин лагеринде болуп калышты. Укук коргоочу Нурбек Токтакунов камакка алынган экс-премьер Сапар Исаковдун адвокаты болуп алды, активист Адил Турдукулов КСДП саясий кеңешинин мүчөлүгүнө кирди, ал эми экс-депутат Равшан Жээнбеков митинг учурунда оппозициялык саясатчы катары Атамбаевди колдой тургандыгын баарына угуза жарыялады, - деп айтылат макалада.

Юрист Кайрат Осмоналиев дагы бул адамдардын Кой-Таштагы окуяларга кандайдыр бир деңгээлде тиешеси бар болгондугу капысынан болгон жок деп божомолдойт.

-Мурда Адил Турдукулов менен Равшан Жээнбеков президент Атамбаевге оппозицияда болуп келишкен. Кийин ал олуттуу оппозицияга айланганда, алар мурдагы президентке кошулуп кетишти. Эгер Адил Турдукулов менен Равшан Жээнбековдун "кой-таш" каршылыгына түз тиешелери бар болсо, ал эми адвокат Нурбек Токтакуновдуку кыйыр түрдө көрүндү, бирок, кандай дегенде да мунун капысынан болду деп айтуу жарабайт. Кандай болгонда да чет өлкөлүк таасириндеги агенттер өздөрүн мынчалык эркин сезбеши керек, эгер атайын кызматтагылар мүмкүндүк берсе, булар чектен чыгып кетиши да мүмкүн, - дейт ал.

Россияда жөн жерден эле мамлекеттин ички саясий иштерине кийлигише баштаган НПОлордун ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыйуу салынган жок, деп белгиледи эксперт.

-Мен кайрымдуулук менен ишмердигин жүргүзүп келе жаткан НПОлорго тийишким келбейт, бирок, Россияда жана башка бир нече мамлекеттерде чет өлкөлөрдүн таасириндеги агенттер катары мамлекеттин ички саясий иштерине кийлигишип жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигине жөн жерден эле тыйуу салышпайт. Ошондуктан эмне үчүн ачык эле кийлигишип жаткандарга Кыргызстанда мүмкүндүк берилип жаткандыгы мага түшүнүксүз. Эгер NED жөнүндөгү маалымат тастыкталып калса, Турдукулов, Жээнбеков, Токтакунов жана башкаларынын ишмердиги бөлөк мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого багытталган болуп саналат, - деп кошумчалады юрист.

Экспертти ошондой эле Равшан Жээнбеков менен Адил Турдукуловдун Кой-Таштагы окуялар үчүн жоопко тартылбай жаткандыгы кооптондурууда.

-Алардын Атамбаевди колдой тургандыгын ачык эле билдиришкени эч кимге жашыруун эмес. Алар ошондой эле Кой-Ташка мурда да жана окуя жүрүп жаткан учурда да барышкан. Мен эч ким менен соттошкум келбейт, булар менин жоромолдорум жана ой жорууларым, бирок, эмне үчүн Кой-Таштагы окуяларга катышкандардын баарын, жада калса күбө катары да жоопко тартып жатышат да, Жээнбеков менен Турдукуловго тийишкен жок, - деп суроо салды Осмоналиев.

Белгилей кетсек, ММК маалыматтары боюнча Равшан Жээнбеков чет өлкөлүктөр менен маектешүү учурунда, премьер-министр болууну пландаштырып жаткандыгын айтканы бар. Бул анын Атамбаев менен бирге алыскы пландарды түзгөндүгүн, төңкөрүшкө чейин да барууну көздөгөндүгүн билдирбейби? Ошондуктан Атамбаев өз максатын көздөп, ал эми Равшан Жээнбековду КР саясатына таасир тийгизүү үчүн премьер-министр кызматына анын "демөөрчүлөрү" түрткүлөгөн деген таасир калууда. Ушундай болгону менен акыркы сөз атайын кызматтагыларда калмакчы, албетте, эгер алар юрист Кайрат Осмоналиевдин сунушун кабыл алышса.

VB.KG редакциясынын пикири эксперттердин көз карашы менен дал келбей калышы да мүмкүн, ошондуктан, биз экс-депутат Равшан Жээнбековго да өз позициясын билдирүүсү үчүн мүмкүндүк берүүгө даярбыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД