Мурдагы министр Жамшит Калилов жаңы кызматка дайындалды

Транспорт министрлигинин мурдагы жетекчиси Жамшитбек Калилов "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Мурда бул кызматты ээлеген Улан Кулов эми анын орун басары болуп калды.

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы VB.KG редакциясына билдиргендей, тиешелүү буйрукка башкы директор Канатбек Абдыкеримов 21-августта кол коюп, Жамшитбек Калилов кызматына киришти.

Эске салсак, 2018-жылы 5-декабрда УКМКнын Антикоррупциялык кызматы 50 000 АКШ доллар суммасында пара алып жаткан жеринен Транспорт министринин орун басары Азимкан Жусубалиевди кармап, паракорчулук беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан кийин Коопсуздук кеңешинин отурумунда Сооронбай Жээнбеков министр Жамшитбек Калиловду тергөө жүрүп жаткан убакыт ичинде кызматынан четтетип турууну талап кылган.

15-декабрда Калилов жазган арызына ылайык кызматынан бошотулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД