Кыргызстанда аскердик милдетин так аткарган россиялык учкучтар сыйланышты

Кыргызстандагы "Кант" авиабазасында жыйырмадан ашык аскерлер аскер милдеттерин так аткаргандыгы үчүн сыйлыкка татыктуу болушту. Бул тууралуу РФ Борбордук аскер округунун басма сөз кызматы билдирди.

Бул иш чара аскер бөлүгүндө өткөрүлүп, учкучтарга жана инженерлерге аскер кызматын өтөөдө көрсөткөн эрдиги жана кайраттуулугу, ошондой эле өлкөнүн коргоо жөндөмүн арттырууда жана кызмат учурундагы өздүк жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн сыйлык тапшырылды.

Иш чаранын аягында авиабазанын командалыгы аскерлерди кызматы үчүн ыраазычылыгын билдирип жана иштериндеги жакшы ийгиликтерди каалады.

Россиялык "Кант" аскердик авиабазасы ОДКБ мамлекеттеринин аба мейкиндигинин коопсуздугун камсыз кылууга катышат, анын куралдануусунда СУ-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учактары бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД