КСДП мүчөлөрү "Медиа-Форум" имаратына киргизүүнү талап кылышууда

КСДП "Медиа-Форум" имаратындагы жумуш орундарына киргизүү боюнча расмий түрдө Аскер прокуратурасына кайрылды.

-Тергөөчүнүн чечими же көрсөтүүсү мененби, КСДПнын кызматкерлерин жумуш орундарына киргизбей жатышат. Мунун натыйжасында КСДПнын ишмердиги токтоп калды. Партия "Медиа-Форум" ААКнун ижарачылары (ижара келишими түзүлгөн) сыяктуу ижарачы болуп саналат. Аскер прокуратурасынын жогорудагыдай аракети саясий партиянын конституциялык укуктарын жана мыйзамдарды одоно бузат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык, саясий партиялар жарандардын саясий эркин билдирүүсүнө колдоо көрсөтөт, Жогорку Кеңештин депутаттарын, президентти жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын шайлоого катышат.

Кыргыз Республикасынын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамынын 12-беренесине ылайык, мамлекет саясий партиялардын укуктарынын жана мыйзамдуу таламдарынын сакталышын, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын өздөрүнүн уставдык милдеттерин аткарышы үчүн бирдей укуктук шарттарды түзүү кепилдигин берет.

Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын саясий партиялардын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, КСДП конституциялык укугун, өзүнүн уставдык милдеттерин аткарууга жана "Медиа-Форум" ААК административдик имаратындагы КСДП ижарага алган жумуш бөлмөлөрүнө киргизүүнү камсыз кылууну Сизден өтүнөбүз.

КСДП катчылыгынын жетекчиси Усубалиев Т., - деп айтылат жиберилген катта.

Белгилей кетсек, КСДП өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын 7-Апрель көчөсү, № 46 дарегиндеги "Форум-Медиа" ААК административдик имаратында 5 бөлмөнү ижарага алган.

9-августта Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү тарабынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында "Медиа-Форум" ААК камак салынган.

Бирок, партияда эске салышкандай, Атамбаев 2019-жылдын 25-майынан бери КСДПнын төрагалык укугун өткөрүп берген жана КСДПга эч кандай тиешеси жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД