Кыргызстанда басылып чыгарылган китептер Москвадагы көргөзмөгө катышат

Россияда күз мезгили адаттагыдай эле башкы адабий кароо – Москванын эл аралык китеп көргөмө-жармаңкесинин ачылышы менен башталды. Ал 4-сентябрда ВДНХада ачылат жана ага 33 өлкө катышып, өз китептерин көргөзмөгө чыгармакчы, анын ичинде көп жылдардан бери катышып келген Кыргызстан да бар.

Бул жолу 4-8-сентябрда өткөрүлүүчү жармаңке, Москва шаарынын негизделген күнүнүн майрамдалышына туш келгендиктен, бул иш чаранын программасы да биргелешип түзүлгөн. Россиянын жана чет өлкөлөрдүн басмаканалары өз окурмандарына жаңы жана белгилүү көркөм адабияттарды, окуу китептерин жана документалдуу адабияттарды сунуш кылышат. Окурмандар бул китептердин авторлору менен жолугуша алышат, ал эми эксперттер бул тармактагы актуалдуу маселелер боюнча талкуу жүргүзүшөт.

Көргөзмөнүн алкагында тегерек столдор, конференциялар, автограф-сессияларды өткөрүү пландаштырылган. Ошондой эле жыл сайын өткөрүлүүчү "Жылдын китеби" Улуттукк конкурсунун, "Китеп образы" бүткүлроссиялык китеп жасалгалоо жана КМШ өлкөлөрү-катышуучуларынын "Китеп искусствосу" Эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо салтанаты өткөрүлмөкчү.

Кыргызстандын басмаканалары жана авторлору да бир нече жолу бул конкурстун луареаттары болушкан. Былтыркы жылдагы "Кызматташтык" конкурсунда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин кыргыздардын маданияты жана каада-салты жөнүндө баяндаган "Кыргыздар" деген китеби биринчи даражадагы диплом менен сыйланган. Жалпысынан алганда көргөзмөдөгү кыргызстандык катышуучулар өз мекенине биринчи-экинчи-үчүнчү даражадагы тогуз диплом менен сыйланып кайтышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД