Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулду

Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министринин кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Гүлмира Кудайбердиева өзү арыз жазып, ага Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Эске салсак, Гүлмира Кудайбердиева министрлик кызматтта 2016-жылдан бери иштеп келген. Акыркы эки жылдан бери окуу китептери, бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттары жана иш-чаралардагы баннерлер одоно каталар менен басылгандыгы боюнча коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Ал эми Нарын облусундагы Кеңеш айылында окуучу балдардын контейнерден жасалган мектепке барышы да коомчулуктун нааразылыгын туудурду.

Кече жакында Башкы прокуратура окуу китептерин сатып алуудагы тендер өткөрүүдө мыйзам бузуу болгонун билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД