Депутаттар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова УКМКнын убактылуу кармоочу жайында кармалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу VB.KG редакциясына КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.

-Алар жаңы эле УКМКнын имаратынан чыгышты. Алмазбек Шаршенович менен жолугушуп, сүйлөшүп чыгышты. Ал абдан эрки күчтүү адам, эч нерсеге арызданган жок. Тескерисинче биздин көңүлүбүздү көтөрүп, туруктуу болууга чакырды. Анын ден соолугунун абалы жакшы, - деди Кундуз Жолдубаева.

Азыркы убакта УКМКнын имаратында Биринчи май райондук сотунун Алмазбек Атамбаевди камакта кармоо мөөнөтүн узартуу чечимине жана анын мыйзамсыз кармалышы боюнча жактоочулардын даттануусу каралып жатат.

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары соттун кеңешмесинин аякташын көчөдө, УКМК имаратынын жанында күтүп турушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД