Эркин Асрандиев куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди

Орус-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдө сүзүү маалында куткаруу операциясына кеткен чыгымды төлөп берди.

Бул фонддон билдиришкендей, куткаруу операциясына кетирилген баардык чыгымдар төлөндү, анын ичинен 400 литр күйүүчү майын Мамлекеттик резиденцияга жана жергиликтүү бийлик органдары 600 литрди кайтарып беришти. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ар дайым кыла жүргөн иши катары кеткен чыгымды калыбына келтирүүдөн баш тартты. Куткаруучуларга Эркин Шамшудинович аларга суучулдар кие турган атайын кийим белек кылды.

Эске салсак, 31-августта "Салам KG" коомдук фонду уюштурган кайрымдуулук иш чарада Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө катышкан Асрандиев жана анын жанында коштоп жүргөн кайыктагы адам көлдөгү катуу толкунга кабылып, бирин-бири таппай калышкан. Сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Аны издөө боюнча операциясына ӨКМ 16 куткаруучусу тартылып, эки теплоход жана катер жиберилген. Суу үстүндө 19 саатка жакын сүзгөн Асрандиев 1-сентябрга караган түнү, саат экилерге жакын Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээкке өзү сүзүп чыгып, аман-эсен табылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД