Б. Бабаджанов: Даярдыгы жок адамдарга Куранды окуганга уруксат бербеш керек

Өзбекстан Республикасынын Эл аралык ислам академиясынын эл аралык долбоорлор жана илимий изилдөөлөр институтунун директору Бахтияр Бабаджанов расмий бийликтер исламды жайылтуу ролун тапшырган тыйуу салынбаган исламдык сайттардын тексттерине анализ жасап көргөн. Мындай сайттарда ислам жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аңгемелешүү – исламдагы экстремисттик агымдарга каршы туруу мүмкүндүгүн берет деп саналат.

Ислам таануучунун айтымында, бул сайттарда деле экстремисттик багыттагы билдирүүлөрдү же Курандын тексттерине туура эмес түшүндүрмө берүүлөрдү кезиктирүүгө болот. Бул эми же атайылап же түшүнбөстүк менен жасалып жатабы – чоң суроону жаратат.

-Борбордук Азиянын жана Кавказдын баардык өлкөлөрүндөгү бул сайттарда динге, экстремизмге, терроризмге тиешелүү Мыйзамдардын, мусулмандар жашаган өлкөгө карата мусулмандардын маданиятынын, архитектурасынын, поэзияснын жетишкендиктери жөнүндө маалымат жок. Ал эми булар ислам маданиятындагы жогору толеранттуулуктун жемиши болуп эсептелет эмеспи.

Мындай абалда расмий колдоого ээ болгон диний басылмалар экстремизм идеологиясына каршы күрөшүүдө жардам бере ала тургандыгына шек пайда болот. Курандын өзүндө да ар кандай маалыматтарды табуу мүмкүн, мисалы, аялдарды кантип жазалоо керектиги жөнүндө, ошол эле убакта этикалык жактан да жакшы жоболор бар. Муну азыркы убактын реалдуулугу менен кантип байланыштырса болот? Аны ким туура түшүндүрөт? – деп суроо салат илимпоз.

Бабаджановдун пикири боюнча, биздин исламды туура жана туура эмес деп бөлүүгө аракет кылганыбыз, "отту от менен жеңгенди каалап жатканыбызды билдирет", ал эми чыныгы дин аалымдары исламды ар дайым бирдиктүү кабыл алып келишкен.

-Мен мсламга кастык сезимин жаратууга аркет кылганым жок. Диндин пайда болуусундагы каардуу жана кандуу убакты эске алганыбыз оң. Бул Исламга да, Христианчылыкка да, Иудейликке да тиешелүү. Ал кезде мейкиндиктерди басып алуу, аларды менталдык жана аймактык жактан да коргоо керек болгон. Бирок, бүгүн куран дүйнөсүн азыркыга мезгилге алып келүүнү каалагандык – бул куру кыялга чөмүлгөндүк менен барабар, - деп кошумчалады ал.

Исламды мындай туура эмес жол менен үйрөтүүгө аракет кылуу менен, биз келечекте экстремизмге ыңгайлуу жагдайды түзүп беришибиз мүмкүн, деп белгиледи эксперт.

-Мен дин аалымдарына кайрылуу менен, силер Куранга хадистердин баарын киргизип, жалпылап окуганга мүмкүндүк берип – татаал дин илиминдеги иерархияны буздуңар, деп дайыма айтып келем. Бул тексттер – элитанын укугуна тиешелүү. Ал эми мамлекет азыр, мына Куранда ушундай жазылган деп айтууда. Бирок, тексттер менен даярдыгы бар адамдар иштеши керек. Бул кылымдар бою иштелип чыккан процедура болгон. Ыйык тексттер жөнүндө айтуу үчүн дин аалымы бир канча этаптардан өтүүсү керек. Бул жөн гана даярдыктан өткөн эмес, жогорку билимдүү адам болгон. Ыйык тексттерди даярдыгы жокторго берүүгө болбойт, - деген ишеничте Бахтияр Бабаджанов.

Илимпоз-ислам таануучу Бахтияр Бабаджановдун кенен маегин VB.KG репортажынан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД