Жогорку Кеңешке жаңы депутат келди

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Насыр Мусаевдин ордуна жаңы депутат болуп Бектен Сыдыгалиев келди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 6-сентябрдагы кезексиз отурумунда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мурдагы башчысы Бектен Сыдыгалиевге күбөлүк жана төш белги тапшырылды.

Эске салсак, 6-сентябрда берген арызынын негизинде Насыр Мусаевдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич

1966-жылы Чүй облусундагы Токмок шаарында төрөлгөн. Билими жогорку, Фрунзе шаарындагы К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун "агроном" адистиги боюнча бүтүргөн (1988-ж.). Ташкент шаарындагы СССР КГБ жогорку окуу жайын (1992-д.) жана Москва шаарындагы Ю. Андропов атындагы Кызыл туулуу КГБ институтун аяктаган (1994-ж.).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД