Спортчулардын Кара-Суудагы ок атышуусу

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Фуркат айылында ок атышуу болгон. Бул тууралуу VB.KG редакциясына облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 22-сентябрда жаракат алган жаш жигиттин ооруканага жаткырылгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Жабыр таркан жаран 1990-жылы туулган Т.Р. азыр ооруканада дарыланууда. Бул боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү жергиликтүү милиция эмес, ИИМ кызматкерлери алып барууда.

Редакциянын өз булактарынан жабыр таркан жигит Матраимовдордун спорт клубунун машыгуучусу боло тургандыгы белгилүү болду.

Журналист Ыдырыс Исаков фейсбуктагы өз баракчасына дагы бир версияны жазган. Анын маалыматы боюнча, Эмилбек Кимсанов менен оштук спорткомитеттин башчысы, белгилүү спортчу Кылыч Саркабаевдин ортосунда чыр чыккан. Кимсанов – мурдагы бажы кызматкери Райым Матраимовдун өкүл баласы, ал эми жабыр тарткан жигит Кимсановдун жакын кишиси болгон.

Бул маалымат расмий булактар аркылуу тастыктала элек.

Андан сырткары, мурда ММКда кабарлангандай, так ушул Эмилбек Кимсанов ИИМдин мурдагы министри Молдомуса Конгантиевдин уулун сабоого тиешеси бар болгон. Мушташ учурунда анын башы жарылган.

Бул окуя жөнүндө ММКда жазышкан, бирок, жабыр тартуучу тарабынан арыз жазылбагандыктан, милицияда бул факт катталган эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД