Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын 9-кызматынын мурунку кызматкери (Мамлекеттик күзөт кызматы) Канат Сагымбаев кармалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев соцтармактагы өз баракчасына жазды.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевди 7-августтагы Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичиндеги окуяга шектүү катары кармашкан.

-7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн ичинде эмне болгондугун баары эле билишет – Канат экс-президентти кайтарган, ал эми бет кап кийген адамдар Атамбаевди кармаганы жатышпады беле.

Бет кап кийгендер ким болгон? Аларды экс-президент да, анын жан сакчысы да биле алышкан эмес.

Мамлекеттик күзөттүн кызматкери атайын кызматтын кызматкерлери келгенин билгенинде деле, ал экс-президентти кармап аларга өткөрүп бере алмак эмес. Анткени Сагымбаевге аны кайтаруу тапшырмасы берилген жана УКМКнын 9-кызматы тарабынан бул тапшырма алынган эмес, - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД