Новосибирск шаарында кыргыз маданиятынын борбору ачылат

Кыргызстан менен Новосибирск облусунун ортосундагы ар түрдүү тармактар боюнча кызматташуунун келечеги, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловдун россиялык бул регионго болгон жумуш сапарында талкууланды. Бул жерде ал облустун губернатору Андрей Травников, облустун өкмөт мүчөлөрү, регионалдык Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Анна Бойко менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстандын элчилигинен билдиришкендей, соода-экономикалык өнөктөштүк, туристтик тармак, новосибирскийлик соода тармактары менен кыргызстандык товар чыгаруучуларынын ортосунда түз байланыш түзүү, Кыргызстандан айыл чарба жана кийим тигүү продукцияларын ташып жеткирүү, КР шаарлары, облустары менен Новосибирск облусундагы шаарлардын жана эки соода-өнөр жай палаталарынын ортосунда келишимдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча талкуулар жүргүзүлдү. Тараптар региондор аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгуу, ошондой эле Новосибирск шаарында кыргыз маданиятынын борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жана КР генералдык консулдугун жайгаштыруу мүмкүндүгүн карап көрүүнү макулдашты.

Мындан тышкары Аликбек Жекшенкулов облустагы мекендештери менен бир кыйла жолугушууларды да өткөрдү. Бул жолугушууларда Новосибирск, Омск, Томск шаарларындагы кыргыз диаспорасынын активисттери жана мекендештер өздөрүнүн жашоо-турмуш жана эмгектенүү шарттары жөнүндө айтып беришип, бир нече сунуш-пикирлерин жана каалоо-тилектерин билдиришти. Жекшенкулов да өз кезегинде маектешүүчүлөрүнө Кыргызстандын жетекчилери тарабынан чет өлкөдө жашаган мекендештерге колдоо көрсөтүү, вице-консулдуктарды кеңейтүү жана кайрадан түзүү боюнча кандай чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө, элчиликтин келечектеги иш пландары тууралуу түшүндүрмө берип жана көптөгөн суроолорго да жооп берди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД