Америкадагы кыргыздар министр Чыңгыз Айдарбеков менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер боюнча министри Чыңгыз Айдарбеков 29-сентябрда Вашингтон шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Америкада жашаган мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Министр чогулган мекендештерге чет өлкөдөгү кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча өлкө жетекчилиги, өкмөт, Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыттары жана мамлекеттик реформалары тууралуу маалымдады.

Жолугушууда пикир алышуу болуп, жарандарды кызыктырган маселелер талкууланды. Атап айтканда, кош жарандуулук, визанын талаптарын жеңилдетүү, Америкада билим алуу жана жумушка орношуу маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун соңунда Кыргызстандын Америкадагы элчилигинде Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу сый тамак жана аталган министрликтин түзүлгөнүнүн 75 жылдыгына арналган фотосүрөт көргөзмөсү уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД