Канат Сагынбаевдин айылында аны колдоо митинги өтүп жатат

Бүгүн, 30-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Дөбө айылында УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевди колдоо митинги өтүп жатат. Бул тууралуу КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Митингге чыккандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күзөт кызматынын башчысы Канат Сагынбаевдин ишин акыйкат карап чыгууну талап кылышууда.

-Анын айылдаштары өлкөнүн президентине кайрылып жатышат. Эске салсам, жакында эле Сооронбай Жээнбековдун Жети-Өгүз районуна болгон иш сапарында аксакалдар Канат Сагынбаевге эркиндик берүү өтүнүчү менен ага кайрылышкан. Мамлекет башчысы бул маселени карап көрүү боюнча убадасын берген, - деп Кундуз Жолдубаева соцтармактагы өз баракчасына жазган.

Эске салсак, Канат Сагынбаев УКМКнын кызматкери катары республикаынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугун камсыз кылып кызматын өтөп жүргөн. Сентябрь айында Сагынбаевди видеожазууда Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктагандыгы үчүн УКМК кызматынан бошотуп салган. Андан бир нече күн өткөндөн кийин ага карата 7-8августта Кой-Таш айылындагы Алмазбек Атамбаевдин үйүндөгү окуяга байланыштуу кылмыш ишин ачышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД