Элчилик дипломаттары Москванын базарларындагы мекендештери менен жолугушту

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жана миграция боюнча Мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Москванын "Славянский мир" жана "Каширский Двор 3" базарларына барышып, соода комплексинде эмгектенген мекендештер менен жолугушту.

Алар жолугушуу учурунда эмгек мигранттарына дипмиссиянын жана Россиядагы кыргызстандыктардын укугун коргоочу өкүлчүлүктүн ишмердиги тууралуу маалымат жана миграция боюнча мыйзамдар жөнүндө түшүндүрмө беришти.

Ошондой эле мекендештерге Россияга келгенден кийин 30 күн ичинде каттоого туруу, россиялык мыйзамдарга ылайык ишке орношуу боюнча эмгек келишимин түзүү, консульстводогу миграциялык маселелер жөнүндө маалымат беришип жана алардын бир катар суроолоруна жооп беришти.

Элчиликтен айтышкандай, кыргызстандыктар эмгектенип жаткан мындай объектилерге барып, жолугушууларды уюштуруу мурда да болуп келген жана мындан ары дагы улантыла бермекчи. Маалматтык түшүндүрмө берүү иш-чараларынын актуалдуулугу миграциялык мыйзамдуулук боюнча эрежелерди бузууну аныктоо рейддеринин жүрүүсү учурунда жогорулайт. Азыр мына ушундай учур келип, бул күндөрү Москвада жана Москва облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан "Нелегал" операциясы жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД