Новосибирскидеги массалык мушташка катышкандар изделүүдө

7-октябрда Новосибирскиде кыргызстандык эмгек мигранттарынын катышуусунда болгон массалык мушташтын чыгуу себебин иликтөөгө КР ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгү киришти. Ал Россиянын ИИМ Новосибирск облусундагы Башкы башкармалыгы менен тыгыз аракеттенет.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, бул кылмыш ишин ачууга багытталган баардык тиешелүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө. Иликтөө учурунда жакын жерлерде жайгашкан видеобайкоо жүргүзүүчү камералардагы жазуулар, көчөдө калтырылган автоунаалар текшерилди. Баардык алынган далил буюмдарды кылмыш ишине кошуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Мушташ учурунда кармалган 25 адам аймактык органдарга жеткирилген жана сурактан кийин бошотулган. Жаракат алган 5 адамга жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага түшкөн.

КР ИИМ Россиядагы өкүлчүлүгү белгилегендей, учурда Новосибирск облусунун укук коргоо органдары тарабынан РФ КК 213-беренеси (Ээнбаштык) жана 163-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголду. Массалык мушташка катышкандарды кылмыш жазасына тартуу үчүн алардын жашаган жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Новосибирск шаарындагы Хилок базарынын жанындагы массалык мушташтын чыгуусуна, жергиликтүү уюшкан кылмыш тобунун Кыргызстандан жана башка республикалардан келип, бул соода комплексинде иштеген эмгек мигранттарына салык салуусу себеп болгон. Анын натыйжасында рэкетирлердин биринин автоунаасы өрттөлүп, эки тараптын кагылышуусу келип чыккан. Кылмышкерлер курал колдонууга аракет кылган бул мушташты токтотуу үчүн полиция жана атайын ыкчам отрядынын кызматкерлери тартылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД