Кундуз Жолдубаеваны ИИМ Тергөө кызматына сурак берүүгө чакырышты

КСДП фракциясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны ИИМдин Тергөө кызматына сурак берүүгө чакырышты. Ал бүгүн саат 12де ИИМге барышы керек. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева Facebookтагы өз баракчасына жазды.

-Милиция менин саат 12де суракка баруум боюнча билдирмени берди. Мен ага билдирмеде көрсөтүлгөн убакта бара турганымды айтканымда, тергөөчү азыр келишимди талап кылып жатканын билдиришти, -дейт ал.

Кундуз Жолдубаева мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташатары сыякту эле, 7-8-августтагы Кой-Ташта болгон окуя боюнча күбө катары суралууда.

Кече күнү бул иш боюнча камалгандардын бири Алга Кылычев Алмазбек Атамбаевге жана анын тарапташтарына, анын ичинен Кундуз Жолдубаевага каршы көрсөтмө берип, алардын массалык баш аламандыкты уюштурууну даярдап жана бийликти кулатууга чакыргандыгы тууралуу айткандыгы белгилүү болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД