Жоошев: Атайын кызматтын аскерлери өздөрү Атамбаевдин үйүнө жашынып алышкан

Бүгүн, 10-октябрда саат 14.20. чамасында КСДП төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ИИМ Башкы тергөө башкармалыгына, азырынча күбө катары суракка кирип кетти. Аны кичинекей кыз узаткан бойдон калды.

Жолдубаеванын жактоочусу Замир Жоошев ага айыптын тагылышы боюнча түшүндүрмө берди.

-Менин жеке түшүнүгүмдө, КСДПнын мүчөсү-эки аялга карата адамдарды барымтага алуу боюнча айып тагылышына негиз жок, муну мен сандырактык деп айтмакмын. Ал жерде адамдарды барымтага алуу такыр болгон эмес. Атайын кызматтын кызматкерлери Атамбаевдин үйүнө капысынан туш келишкен. Алар көчөдө чогулган элден коргонуу үчүн үйгө өздөрү кирип кетип жатпайбы. Эгер аялдардын күнөөсү болсо, анда аларды чогулган элден коргоп калуу үчүн аракет кылганында, - деп айтты юрист журналисттерге.

Ал белгилегендей, азыр укук коргоо органдары Кундуз Жолдубаеванын КСДП партиялык ишине тоскоолдук кылууну максат кылып жатат. Ошондуктан сурактан кийин аны камакка алышы да мүмкүн.

-Аны үй камагына чыгарып, бир топ чектөөлөрдү киргизип коюшу мүмкүн. Мисалы, партиялаштары жана белгилүү адамдар менен байланышууга тыйуу салуу ж.б. Мындай чек койууларга мыйзам жол берет, бирок бул үчүн так негиздөөлөр керек.

Бизде сот өтүнүчтү кабыл албаса да, адатта тергөө эч нерсени негиздебейт. Мындай практика негизинен саясий иштерде колдонулат, - деп сөзүн жыйынтыктады Жоошев.

Эсек салсак, Кундуз Жолдубаева күбөдөн айыпталуучуга айланып калуусу тууралуу сөздөр кече пайда боло баштаган. Кече күнү, 9-октябрда ао ИИМ БТБнын сурагында 6 саат болгон. Андан кийин тергөө дагы бир социал-демократ Асель Кодуранова суракка алып, жыйынтыгында ага адамдарды барымтага алуу айыбы коюлуп жана үй камагына алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД