Алга Кылычовду №1 абактан убактылуу кармоочу жайга которушту

КСДП саясий уюмунун мүчөсү Алга Кылычев № 1 тергөө абагынан Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына которулду. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЖАМКтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Алга Кылычев № 1 тергөө абагында бир нече күн кармалган. Ал эми убактылуу кармоочу жайга Бишкек шаардык сотунун чечими менен которулду, бирок мунун себеби белгисиз.

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, Алга Кылычов тергөө менен кызматташып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге ган эмес, КСДП мүчөлөрү Кундуз Жолдубаевага, Амантур Жамгырчиевге, Мээрбек Мискенбаевге жана жансакчы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө бергендиги айтылган.

Ал эми КСДП мүчөлөрү ага карата кысым көрсөтүлүшү болушу мүмкүндүгүн белгилешкен.

Эске салсак, Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташатры Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиевге, Кыяз Смаилов жана башкалары менен бирге 7-8августта Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу массалык баш аламандыкты, адамдарды барымтага алууну уюштурууга айыпталууда. 30-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту анын камакта калтыруу мөөнөтүн 9-декабрга чейин узартткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД