Жактоочу: Раиса Атамбаеванын айлык акысына камак салынган

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баардык мүлктөрүнө камак салынган. Бул тууралуу журналисттерге экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

-Алмазбек Атамбаевдин ар бир буюмуна, жубайынын айлык акы алуучу карточкасына чейин камак салынган, - деди Слесарев.

Ал белгилегендей, мындай иш-аракеттер мыйзамсыз болуп эсептелет, анткени мурдагы президент гана эмес, анын менчиги да коргоого алынып жана кол тийгис болушу керек.

Эске салсак, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу соттук угуу өтмөк. Сот процесси мурдагы президенттин бул угууга катышуудан баш тартканына байланыштуу болбой калды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД