Дженгонун айдоочусунан тапанча табылды

"Дженго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун Ош шаарында чынында эле кармалгандыгы жана анын себеби белгилүү болду. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ИИМдеги булактардан билдиришти.

Маалымат боюнча, кримтөбөлдү кармагандан кийин, дароо эле коё беришкен.

-ОИИББ кызматкерлери кримтөбөл Дженгонун автоунаасын токтотушкан учурда, айдоочусунан тапанчаны табышкан. Ушул себептен аларды милиция бөлүмүнө алып келишкенде, ал жерде бул тапанчанын "оюнчук түрү" (тарсыдатып атуучу оюнчук тапанча) экендиги аныкталган, - деди ал.

Эске салсак, ММКалар маалыматы боюнча, бүгүн "Дженго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досонов кармалып, укук коргоо органдарынын бөлүмүнө жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД