Мамасалиев: Фарид Ниязов, сиз эми коомчулукту жаңылыштыкка түртө албайсыз!

Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, экс-депутат Алишер Мамасалиев президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө жооп берди. Саясатчы ага берген жообун соцтармактагы өз баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, Фарид Низов Атамбаевдин эң жакын адамдардын бири жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий долбоорлорунун башкы идеологу катары 7-8-августтагы окуяларга жоопкерчиликти тартууга тийиш.

-7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү катары мен комиссиянын иши учурунда коомчулукка ачык түшүндүрмөлөрдү берүүдөн четтеп тургам, бирок, мен Фарид Ниязовдун мамкомиссиянын дарегине ММК аркылуу кайрылуусунан кийин, ага карата жооп бербей коё албайм.

Фарид Ниязовдун кайрылуусун окуп жатканда, биринчи болуп көзгө урунганы, бул өзүнүн жоопкерчилигин толугу менен моюнга албай жана 7-8-августта Атамбаевдин үйүндөгү кайгылуу окуялар болгондугу үчүн кандайдыр-бир өкүнүп жатканы сезилбейт. Тескерисинче, өзү жазгандай, Жаратканга жалынып, жоопкерчиликти "болуп өткөн окуянын күнөөлүүлөрү" тартуусун суранат. Бул анын эл алдында акыйкаттыкты тилеп Жаратканга кайрылуусу болсо керек, анткени буга чейин өзүнүн шефи Алмазбек Атамбаевдин саясий каршылаштарына карата кылмыш иштери козголуп жатканда, ал президенттин аппаратынын жетекчиси катары, дайыма соттун "акыйкат" чечимине таянып жүргөн.

Азыркы убакта Кой-Таш окуясы боюнча Фарид Ниязовго жана Алмазбек Атамбаевге карата сот ишинин жүрүшү аяктай элек болсо да, шашылып аларды негизсиз жана ойдон чыгарылган деп атап жиберди.

Андан кийин Фарид Ниязов өзү үчүн жоопсуз калган суроолорду атап чыгат.

Эскерте кетсем, Жогорку Кеңештин 08.08.2019-ж.токтомуна ылайык – Кой-Таштагы окуяны тергөө ишин ИИМ жана Аскер прокуратурасы жүргүзөт, ал эми 7-8-августтагы Кой-Таш айылында укук коргоо органдарынын иш-аракетине укуктук баа берүү Башкы прокуратурага тапшырылган.

Фарид Ниязовдун ""Альфа" атайын даядыктагы аскерлерин ким сактаган" деген суроосу шылдыңдагандык жана уятсыздык менен берилип, менин түшүнүгүмдө, Атамбаевдин үйүндө "Альфанын" кызматкерлерин барымтага алып жана куралсыздандырылгандан кийин, так ушул Ниязов 8-августта эртең менен видеокайрылуу аркылуу жеке өзү, "Альфанын" кызматкерлерин бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн кармап отурабыз деп билдирбеди беле. Муну адамдарды барымтага алуу дегенден башка кандайча атаса болот?

Андан кийин Фарид Ниязов эмне үчүн 7-августта адамдарды Бишкекке баруудан токтотуп кала алган жокпуз? деген суроону берет. Анан дароо эле өзү, алар кан төгүлбөсүн жана тынчтык жолу менен чечели дегенбиз деген жоопту берет. Бул да чындыкка жатпайт... бул убакта кан төгүлүп жана "Альфа"атайын даярдыктагы кызматынын командири Ниязбеков Уланга ок жаңылып курман болгон жана Чүй облусунун ИИББ башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алган.

Эгер Атамбаевдин иш-аракети чынында эле тынч жана конструктивдүү мүнөздө болсо, анда 8-августа кечинде Бишкектеги Ала-Тоо аянтында баш аламандыкты уюштуруу аракетинин максаты кандай болгон?

Азырынча 7-8-августтагы окуялар боюнча тергөө иштери жана Кой-Таштагы окуяны иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын иши аяктай элек, тилекке каршы, мен ошол кайгылуу окуяларга түздөн-түз катышкандардын күбө катары берген көрсөтмөлөрүнө таяна албайм. Бирок, бир гана нерсени ачык айта алам, Фарид Абилезимович, мурда сиз билгичтик менен жасап жүргөндөй, ММКалар аркылуу маалымат таратып эми коомчулукту жаңылыштыкка түртө албайсыз. Сиз Атамбаевдин жакын адамдарынын бири жана анын баардык саясий долбоорлорунун идеологу катары, 7-8-августтагы окуялар үчүн гана эмес, акыркы беш жыл ичинде Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенти катары легитимсиз саясий чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн аны менен бирдей жоопкерчиликти тартасыз, - деп жазган Мамасалиев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД