Бишкекте велосипедчилердин сезону аяктоодо

Келерки жекшемби күнү, 27-октябрда Кыргызстандын велокоомчулугу ушул жылдагы cоңку жарышты өткөрөт.

Байкерлер эртең менен саат 9.00дө шаардын Түштүк дарбазасынан жарышты баштап, Эмен токойчосунда аякташат. Баардыгы болуп сегиз километр аралыкты өтүшөт.

Кыргызстандын велокоомчулугунун төрагасы Ярослав Юзефович билдиргендей, бул жылы беш ири мелдеш өткөрүлдү. Ушуну менен бирге байкерлер бир нече кросс-кантри, тактап айтканда, Кемин районундагы өйдө-ылдый жерлерде жарышып, мөңгүлөргө чейин көтөрүлүп жана тоодон ылдый ылдамдык менен түшүшкөн.

Ар бир жума сайын түз жерде жарышуулар уюштурулуп турду.

-Биздин велокоомчулукта – 50дөн ашык адам бар, алар ар дайым жарыштарга катышып турушат, арабызда байкер кыймылына жаңы кошулгандар да жок эмес, - деп белгиледи Юзефович.

Келерки жылы велокоомчулуктун мүчөлөрү бир нече жолу Бишкекке жакын жердеги тоолорго чыгып, ошондой эле Ысык-Көлгө кросс уюштурууну пландаштырууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД