Экс-президент статусу: Ишти Жээнбековдун мурдагы кеңешчиси карап жатат

Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевден экс-президент деген макамды алуунун мыйзамдуулугу каралып жатат.

Процесс судья Карыбек Дүйшеевдин жетекчилиги астында өтүүдө. Ошондой эле судьялар Эмил Өскөнбаев, Мээргүл Бобукеева, Чынара Айдарбекова, Мукамбет Касымалиев, Кубанбек Кыргызбаев, Эркинбек Мамыров, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова, Жедигер Саалаев катышууда.

Отурумга Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, мурдагы депутат Нурбек Касымбеков менен юрист Нурбек Токтакунов катышып жатат.

Ошондой эле Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары жүрөт. Алардын арасында КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү Адил Турдукулов менен Кундуз Жолдубаева бар.

Мыйзамдуулукту кароо өтүнүчүн Жогорку Кеңештин депутаттары Мурадыл Мадеминов, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Анвар Артыков жана Карамат Орозова, мурдагы депутат Нурбек Касымбеков менен юрист Нурбек Токтакунов беришкен.

Юрист Токтакунов төрагалык кылган судьяны четтетүүнү суранды. Анын айтымына караганда, ал Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон.

Ал эми жооптуулардын тарапташтары алдыда боло турган сот жана кол тийбестик укугунан ажыратуу жөнүндө пикирин айткан судья Э.Мамыровду четтетүүнү өтүнүштү.

Парламенттин кызыкчылыгын коргогон юристтер кечигип калгандыктан, отурумга киргизилген жок. Конституциялык палата төрагалык кылган судья Карыбек Дүйшеевди четтетүү өтүнүчүн канааттандырган жок.

Жооптуулардын тарапташтарынын арызына судья Мамыров Конституциялык палатанын ишмердүүлүгү боюнча интервью бергенин айтты. Судья өтүнүчтү кароону соттун кароосуна калтырды.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш 2019-жылдын 27-июнунда экс-президенттин кепилдиктери жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизген. Бул маселе боюнча Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага кайрылышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД