Икрамов: Арстан Алай өзүн Кудаймын деп билдирсе, муфтият унучукпай отурат

Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Тазабек Икрамов Арстан Алайга байланышкан маселени көтөрдү.

-Кайсы-бир адам пресс-конференция уюштуруп, башка Кудай жок, мен өзүм Кудаймын деп билдирүү жасап жатат. Биз мунун баарын угуудабыз, ал эми муфтият унчукпай, эч бир реакция жасабай отурат. Муну кандай түшүнсө болот?, - деген оюн айтты парламент депутаты.

Эл депутаты Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгын Арстан Алайга карата чара көрүүсүн талап кылды.

Эске салсак, мурда депутаттыкка талапкерлигине коюп жүргөн Арстан Алай (Арстан Абдылдаев) "Зима не будет" деген билдирүүсүнөн кийин көпчүлүккө белгилүү болгон. Анын Сооронбай Жээнбеков өз милдеттерин аткара албай жатат жана өзү 2020-жылга Ааламдын амири менен президенттикке көрсөтүлгөндүгү тууралуу билдирүүсүнөн кийин, Бишкек шаарынын ИИББ тарабынан ага карата КР Жазык кдексинин 313-беренеси "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча кылмыш иши козголгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД