Кочкор-Атанын "Нефтчи" футбол командасы өлкөнүн Кубогуна ээ болду

Кече күнү, 27-октябрда Жалал-Абад шаарынын "Курманбек" атындагы стадионунда Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук командасы Бишкектин "Дордой" командасын 1:0 эсебинде утуп алып, өз тарыхында биринчи жолу өлкөнүн Кубогуна ээ болду.

Республиканын хрусталь Кубогу үчүн болгон оюн курч мүнөздө өтүп, футболчулар өздөрүнүн чеберчилигин көрсөтө алышты. Биринчи таймда командалар дарбазага топ кийире алышкан жок, ал эми экинчи таймдын 61-минутасында "Нефтчинин" оюнчусу Азамат Өмүралиев эсепти ачууга жарады. Оюндун аягына чейин ушул эсеп сакталып, жыйынтыгында кочкораталыктардын командасы өз тарыхында биринчи жолу өлкөнүн Кубогуна ээ болду.

Оюндан кийин VB.KG редакциясынын кабарчысы беттешүүгө түшүндүрмө берүүсү үчүн "Дордой" командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге кайрылды.

-Бишкектик команданын оюнчуларынын атаандаштардын дарбазасына топ киргизүүгө бир нече мүмкүнчүлүктөрү болду, бирок аны ишке ашыра алышкан жок. Анын үстүнө жакшы ойногон жети футболчу ар кандай себептер менен оюнга катышпай калышты. Бирок бул утулуштан тиешелүү жыйынтыктарды чыгарабыз, - деп белгиледи ал.

Эске салсак, "Дордой" командасы буга чейин он жолу Кыргызстандын кубогун жеңип алган. Ал эми "Нефтчи" эки жолу финалдык оюнга чыкканы менен, бул хрусталь Кубокко ээ болуу аракеттери ишке ашпай келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД