Коомдук комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таштын жашоочулары менен жолугушту

Кече жакында 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиянын мүчөлөрү Кой-таш жана Арашан айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.

Бул иш-чарага 100гө жакын адам, анын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө чабуул жасалган убакта жабыр тарткандар да катышты.

Жогоруда аталган айылдардын жашоочулары Коомдук комиссиянын мүчөлөрүнө 7-8-агустта укук коргоо органдары тарабынан көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендиги жөнүндө айтып беришти. Ошону менен бирге алар өздөрүнүн айткандарына далил катары видео жана фото материалдарды көрсөтүштү.

Ошондой эле айыл тургундары Кой-Таш окуяларын иликтөө боюнча түзүлгөн Коомдук комиссиясы алардын пикирлерине көңүл буруу менен, калыс жыйынтык чыгарат деген ишеничин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД