"Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини өлтүрүп кетишти

Турциянын Стамбул шаарында куралдуу кол салуунун кесепетинен уйгур улутундагы бизнесмен Айеркен Саймаити мейманкананын кафесинде отурган жеринде оор жаракат алып, ооруканада каза болду.

Эске салсак, "Азаттыктын" иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини Матраимовдор менен байланыштырышып, анын компаниясы аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллардын Турцияга жана башка өлкөлөргө чыгарып кетишкени айтылган. ЭКККМК бул факт боюнча текшерүүлөрдү баштаган.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов маек берүү учурунда, анын иниси Бажы кызматы жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго Турцияда иштөө сунуш кылынгандыгы тууралуу айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД