Үмөталиева: Акаев Кыргызстанды эл аралык сотко берип жана утуп алышы мүмкүн

Эгер бийлик сапаттуу иликтөөнү камсыз кылса, Кыргызстанга Курманбек Бакиев болобу жана Аскар Акаев болобу келе беришсин. Мындай пикирди VB.KG редакциясына маек куруу алкагында белгилүү укук коргоочу, Кыргызстандагы ӨЭУ Ассоциациясынын төрагасы Токтайым Үмөталиева билдирди. Анын өлкөнүн биринчи президентине карата ниети түз экендиги да белгилүү.

Ал белгилегендей, Акаевдин президенттик мезгили – анын "саясатчы, аналитик, Коомдук уюмдарынын лидери катары жетилүү" убагы болгон.

-Голландия – розалардын өлкөсү болгон сыяктуу, Кыргызстан өкмөттүк эмес жарандык сектордун өлкөсү болуп калышына анын сиңирген эмгегин белгилеп кетким келет. Ал кезде бул секторго алдыңкы педагогикалык отряд, баардык билимдүү адамдар келген эле. Азыр бул өкмөттүк эмес сектор жарандардын кызыкчылыгын коргоочу институт катары кабыл алынгандын ордуна куугунтукка туш келип жатат, анткени аны белгилүү саясий кландардын колундагы куралга айлантышууда, - дейт Үмөталиева.

Ал ошондой эле так ошол биринчи президенттин убагында Кыргызстан "демократиянын аралчасы" катары дүйнөгө белгилүү болгондугун белгиледи. Анын айтымында, ал кезде эл аралык аренада "бизге ишеним артуу менен мамиле жасашчу, ал эми кыргыз паспорту көптөрүнө жол ачып берчү". Жалпысынан айтсак, мына бүгүн "өлкөнүн жакырчылыктан чыгышы – бул да түздөн-түз Аскар Акаевдин эмгеги".

-Акаевге карата соттун чыгарган чечими жок жана иликтөө да жок. (...) Эгер бийликтегилер сапаттуу иликтөөнү камсыз кылышса, өлкөгө Бакиев да, Акаев да келе беришсин. Келип тергөөнүн баардык суроолоруна жооп беришсин. Анткени алардын ар кимисинин өз чындыгы бар, - деп эсептейт укук коргоочу. Ал белгилегендей, саясий чечимдер үчүн перзидент гана эмес, мисалы, парламент да жооп бериши керек.

Үмөталиева "ушундай атактуу адам" (Аскар Акаев) жакшыбы-жаманбы, ката кетирсе-кетирбесе да "ал - биздики". Анын тажрыйбасын жана ысымын жаңы ийгиликтерди ачуунун ачкычы катары Кыргызстан колдонсо боло тургандыгын түшүнүү керек деп эсептейт.

-Кыргызстанда аны баардык өзгөчө укуктарынан, жада калса пенсиясынан ажыратып салышса да, ал кыргыз илимпозу катары "биздин желегибизди көтөрүп" ишин улантууда. Мына жакында эле анын юбилейине арналган илимий-практикалык конференцияга, алты өлкөгө, анын ичинен Пекинге, Башкыртостанга жана башкаларына чакырышты. Анын сүйлөгөн сөздөрүн чет өлкөлүк пресса кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарып жатат. Ал биздин маданиятты алга жылдырууда. (...) Ал элдин "интеллектуалдык" менчиги болуп саналат. Анда биз эмне үчүн анын акылын, стратегиялык жөндөмдүүлүгүн колдонуудан баш тартуубуз керек? – деп суроо салат Токтайым Үмөталиева.

Мына ушул тууралуу жана эмне үчүн Акаев Кыргызстанды эл аралык сотко берип жана укугун коргой ала тургандыгы боюнча кененирээк биздин видеоматериалдан көрүүгө болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД