Карганбек Самаков саясатка кайтып келдиби?

Бишкекте Кыргызстандагы дыйкандардын (фермерлер) "Баба дыйкан" саясый партиясынын съезди өткөрүлүп, ага Кыргызстандын баардык аймактарынын делегаттары катышты.

Партия 1999-жылы уюшулган жана азырынча ири масштабда өзүн көрсөтө элек. Болгону, жергиликтүү кеңештерде белгилүү орундарды алган.

Бүгүнкү иш-чаранын өзүнчө айырмаланбаган себеби, Кыргызстандагы баардык саясый уюмдар алдыда боло турган шайлоорлорго карата активдешип жаткандыгында.

Бүгүнкү съезд айрым бир катышуучулары менен кызыгууну жаратты. Айта кетсек, делегаттардын арасында ММКлар Кырыгзстандын бай адамдарынын бири катары атаган экс-депутат Карганбек Самаков жана "Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Ахматбек Келдибеков байкалды.

Келдибеков жакында VB.KG редациясына берген маегинде, анын партиясы шайлоого карата башка саясый уюмдар менен биригүүсү мүмкүндүгүн билдирген. Ал ошондуктан бул съездге ушул максатта келсе керек.

Ал эми Карганбек Самаков жөнүндө сөз кылсак, азырынча баары эле түшүнүктүү эмес. Ал ушул жаз айында жатак абагына чыгарылган, ошондой болгону менен экс-депутаттын саясатка кайтып келүүсү акырындап башталган сыяктуу. Анын үстүнө алар уюштурган "Биримдик партиясы", айрым бир маалыматтар боюнча бийликтин партиясы катары каралып, шайлоолорго активдүү даярдык көрө баштады. Бирок, чынында анын катарында Самаков болобу азырынча белгисиз. Партиянын расмий түзүүчүлөрү жана жетекчилери катары башка адамдар катталган, алардын бири КСДП фракциясынын депутаты Марат Аманкулов болуп эсептелет.

Кандай болсо да бүгүнкү абалга карап баа бере турган болсок, Карганбек Самаков саясатка кайра келгенин жана анын баштапкы этаптагы кийинки аракеттерин алдын ала болжоп билсе болот. Чынында ал биринчи кезекте өзүн актап чыгууга аракет кылат, анткени, өзүн күнөөлүү катары эсептебей тургандыгын бир нече жолу билдирген. Анын үстүнө практика көрсөткөндөй, "саясый азапты" көп тарткан киши катары, ошол эле Текебаведин мисалында, өз рейтингиң көтөрүлөт эмеспи.

Эске салсак, экс-депутат Карганбек Самаков ушул жаз айында камактан жатак абагына которулган.

Ал 2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформация жасагандыгы үчүн айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бул иш боюнча жоопко тартылган экс-премьер-министр Игорь Чудинов жана экс-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев 5 млн сомдон айып төлөшкөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД