Депутат: Матраимов камалсын, ИИМ, Финпол башчылары кызматтан кетсин

Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик экинчи иликтөөнүн жыйынтыгы ММКда жарыяланаары менен соцтармактар "кайнап чыкты". Албетте, анда 10-ноябрда Турцияда киши колдуу болгон бизнесмен Айеркен Саймаитинин өз оозунан, акча каржаттарынын уурдалышына жана чет жакка чыгарылышына мурда тийиштиги бар делип жүргөн Райым Матраимов гана эмес, укук коргоо органдарындагы жогорку кызматты ээлеген аткминерлердин аралашканы да айтылып жатпайбы.

Бул чатак жарыянын чыгышына бир нече саат калганда, Жогорку Кеңеште Саймаитинин киши колдуу болушуна байланышкан окуяны иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөндүгүн белгилеп кетүү керек. Анда депутуттар мурда алдамчылык боюнча издөөгө алынган маркум бизнесмен кимдер менен жакын байланышта болгондугун "аныктап чыгууну чечишкен". Комиссиянын курамына 12 депутат киргизилген, бирок, материал жарыялангандан кийин, VB.KG редакциясынын алардын көпчүлүгү менен байланышууга жасаган аракети ишке ашкан жок. Алар журналисттик иликтөөнүн материалдары менен таанышты бекен? Бул материалдарды далил база катары колдонуу комиссия мүчөлөрүнүн оюнда барбы? Азырынча бул суроолор жоопсуз калууда.

Ошол эле убакта бул теманы активдүү талкуулагандардын бири – депутат Дастан Бекешев – өзүнүн расмий сайтында коомчулукту унучукпай отура бербөөгө жана төмөнкүлөрдү талап кылууга чакырды:

1) Райым Матраимов камакка алынсын;

2) Укук коргоо органдарынын баардык жетекчилери кызматтан алынып, алардын ордуна ишенчиликтүү адамдар дайындалсын;

3) Расмий иликтөөлөр жүргүзүлсүн жана көмүскө акчаларды чайкоого тиешеси барлардын баары жоопко тартылсын;

4) Журналисттердин коопсуздугу коргоого алынсын.

-Мен чет жакта байкоочу катары тургум келбейт. (...) Өз өлкөсүн сүйгөн бир дагы жаран чет жакта турбашы керек. Биз контрабандисттердин, коррупционерлердин, УКТ жана көмүскө акча чайкагандардын бийлиги астында калдык. Алар биздин үмүтүбүздү, өнүгүүгө болгон ишеничибизди уурдап алышты. Алар өлкөбүздө көңүлдү чөктүргөн чөйрөнү түзүштү. Алардын кесепетинен өлкөбүздөн көпчүлүк жарандары чет жакка кетүүгө аргасыз болушуп, дагы көпчүлүгү кетүүнү пландаштырууда. Алар белгилүү спортчуларды, доктурларды жана саясатчыларды сатып алышкан: мына ошолор мамлекеттик телеканалдар аркылуу өз "чындыгын" көрсөтүп жатышат. Эми алар парламентке өтүүнү каалашууда, ал эми бир бөлүгү парламентте отурат.

Алар биздин баарыбызды сатып алгылары келет, макул болбогондорун өлтүрүп салышы да мүмкүн. Биз баардыгыбыз биригишибиз керек, - деп билдирди парламент депутаты.

Бекешев жарандарды президент Сооронбай Жээнбековдон соцтармактар аркылуу журналисттик иликтөөлөргө пикирин билдирүүсүн, петицияларга, жазуу жүзүндөгү кайрылууларга, жолугушууларда берилген суроолорго жана башкаларына реакция жасашын сурап кайрылуусун сунуш кылды.

Митинг уюштурса да болот, бирок көпчүлүк жрандардын жумушу жана үй бүлөсү бар, айрымдары ооруп жатат, калгандарынын жалкоолугу кармап же каалоосу жоктур. Ошондуктан диванда же жумуш бөлмөсүндө отуруп алып деле, жолдо жүрсөк да, кайсы жерде болбойлу талап кылалы.

Соцтармактарда #матрстангакаршымын, #япротивматрстана деген хештег коюп жана жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды жарыялагыла. Катты жөнөттүңөрбү, аны жарыялап ушул хештегди койгула. Эгер бул жардам бербесе, анда чогулабыз. Мен депутат катары, расмий кайрылууларды жасайм, бирок, мага элдин колдоосу керек. Соцтармактарда болсо да колдоо көрсөтүп турууңарды суранам. Биз баарыбыз мындай көрүнүшкө каршы экендигибизди көрсөтүшүбүз керек. Биз Матрстанда эмес, Кыргызстанда жашагыбыз келет, - деген чакырык жасады депутат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД