Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылышы мүмкүн

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМКга суракка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу "Кабар" маалыматтык агенттигинде өткөн пресс-конференциянын жүрүшүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Ал белгилегендей, тергөө иштери менен УКМК тергөө кызматынын жетекчилиги астында атайы түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия алектенет.

-Бул комиссия иликтөө иштеринде айтылган баардык далилдер боюнча иш алып барат. Анын ичинде Аейркен Саймаитинин өлтүрүү тууралуу коркутууга кабылып, Түркияга качып кетүүгө мажбур болгону боюнча арызы да бар. Менин оюмча сотко чейинки ишти алып баруу боюнча материалдын ишинде ысымдары аталган адамдардын баардыгы суракка чакырылат, - деди Сагынбаев.

Журналисттерди ошондой эле Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткендиги тууралуу айтылган сөздөрдү эске алуу менен, МБКнын башчысынын мурдагы орун басары азыр кайда экендиги боюнча суроо кызыктырды.

-Матраимов расмий издөөдө эмес. Андыктан биз аны көзөмөлдөбөйбүз. Мага жеткен маалыматтарга ылайык ал Кыргызстандын ичинде, - деп бегиледи ал.

Дамир Сагынбаевдын айтымында, материалдар УКМКга берилгенине байланыштуу, Матраимов журналисттердин иликтөөсүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча суракка алынышы мүмкүн.

Өз кезегинде президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүм башчысы Данияр Сыдыков Кыргызстандын Стамбулдагы мурдагы Башкы консулу Эркин Сопоковдун ишин иликтөө боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык түзүлгөн жумушчу тобу Бишкекке кайтып келгендигин билдирди.

Анын айтымында жумушчу топтун Стамбулга барып келишинин жыйынтыгы боюнча отчет президентке берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД