Ширин Айтматова – Зеленскийдин кыргызча вариантыбы?

Өлкөбүздөгү белгилүү саясатчы өзү берген маектеринин биринде, экс-депутат Ширин Айтматованы өлкөдөгү бирден-бир жалгыз оппозиция деп атады. Анын айтымында, бийликке мурда каршы чыгып келген белгилүү саясатчылар азыр мындай ролду аткара албай калышты.

Илимий аныктоо менен айтканда, оппозиция – бул мамлекеттик курска каршы жана башкаруу партиясы менен мамлекеттик бийлик үчүн күрөш жүргүзгөн партиялардын, топтордун жана кыймылдардын саясый ишмердиги. Бул жерде негизги сөздөр "мамлекеттик бийлик үчүн күрөш жүргүзгөн" болуп саналат. Чындыгында, Ширин Айтматова жакында VB.KG редакциясына берген маегинде, мага бийликтин кереги жок жана өлкөдөгү коорупциялык көрүнүш менен гана күрөшүп жатам деп билдирген.

Бул чынында эле ушундайбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Анын үстүнө кыргызстандык саясатчылар өздөрүнүн көз карашын тез жана оңой алмаштыра тургандыгы жалпыга белгилүү факт эмеспи. Ширин Айтматованын капысынан эле өлкөдөгү коррупцияны көрө калып, андан кийин жарк этип чыга келишине эмне түрткү болду экен? Мурда депутат болуп жүргөнүндө мындай маселеге баш оорутуп жүргөнү эсимде калбаптыр. Ал жол эрежелерин бузууда айып пулду көбөйтүү, балдар омбудсмени кызматын киргизүү жана гемодиализ менен камсыз кылуу боюнча тендердик сатып алууларды текшерүү жөнүндөгү демилгелерин көтөрүү менен элге аздыр-көптүр белгилүү болгон. Ошондой эле ал өлкөдө казинонун иштешине тыйуу салууга каршы чыккан.

Жарандык активист жана өлкөдөгү саясый партиялардын биринин лидери Улукбек Маматаев да "Эмне үчүн Ширин Айтматова мурда коррупция жөнүндө унчукпай келген? деп суроо салды.

-Ал мындай образ менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда чыкса болмок. Депутат болуп турганда өлкөдө эмне болуп жаткандыгын билген эмес деп ойлойсуңарбы. Азыркы коррупциялык схемалар Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгенче эле бар болчу. Ошол эле Райымбек Матраимов азыркы бийлик учурунда бажыда иштеген жери жок. Демек, бул система көп жылдардан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жатат жана бул жөнүндө депутаттардын көпчүлүгү билген. Өмүрбек Текебаев дагы бул тууралуу билген болуш керек. Анткени ал Атамбаев анын өнөктөшү болгон деп өзү айтканы бар. Аны камакка алышканда да, бажыдагы коррупция жөнүндө сөз кылган эмес, - деди ал.

Активисттин божомолу боюнча, бүгүн Айтматованын артында, аны өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон таасирлүү саясатчылар турат.

-Бул (Үмүт-2020 – ред.) анын жеке кыймылы экендигинен шегим бар. Эгер ал чынында эле бул маселеге күйгөн болсо, мындай сапат анын депутат болуп жүргөнүндө эле пайда болмок. Анын парламентте мындай темаларды көтөргөнү эсимде калбаптыр. Чынында анын артында, тагыраак айтканда анын атасынын ысымын өз кызыкчылыгы үчүн колдонгон таасирлүү саясатчылар турат. Ширин Айтматованын бул маселени көтөрүп чыгуусуна бир нече себеп болушу мүмкүн. Ал шайлоого даярданып жатышы да ыктымал. Бул нормалдуу эле көрүнүш, бирок, алар элди алдабашы керек. Мына карагыла, биз ууруну таптык! - деп кыйкырышууда. Ой жүгүрткөн адамга мунун баары бүгүн эле башталбаганы түшүнүктүү да. Бул өлкөдөгү баардык коррупцияга бир ууруну күнөөлөгөн менен барабар болуп жатпайбы. Мындай абалда баардык система уурулук менен алектенген. Андай болгондо, алар ошол эле Атамбаевдин да мындай баардык көрүнүштөргө күнөөсү бар деп айтуусу керек болчу. Мына бүгүн коррупцияга күнөөлөп жатышкан ушул эле бажы кызматкерлери жөнөкөй эле аткаруучулар болуп эсептелишет. Эмне үчүн бул жөнүндө айтышпайт? Эмне үчүн ММК бул тууралуу үн катпайт? Биз аткаруучуларды чексиз камай алабыз, бирок, буйрутмачы калып жана жаңы аткаруучуларды жалдаганды уланта берет. Мунун башында Матраимов турбайт, ал жөн гана аткаруучу. Мен аны актагым келбейт, эгер ал күнөөлүү болсо, жооп берсин, бирок, анын ичинен так буйрутмачыны таап жана системанын өзүн өзгөртүү керек, - деп белгиледи Маматаев.

Украиналык сценарийби?

Чынында эле Айтматованын артында таасирлүү саясатчылар турабы, бирок, буга окшогон сөздөр да жүрүүдө. Кур дегенде Жогорку Кеңештеги булак, такталбаган маалыматтар боюнча анын кыймылын, Кара-Суу базарынын айынан Матраимов менен каршылашып калган өлкөдөгү таасирлүү бир депутат каржылайт деп билдирген.

Бул эми чындыкка жатпашы да мүмкүн. Анын үстүнө Ширин Айтматова VB.KG редакциясындагы маектешүүдө, "Миллионго" кандай жеке таарынычтары бар экендигин айтканы бар. Ошондой болсо да, биз бул маалыматты өз ара макулдашкандык боюнча азырынча ачыкка чыгарбайбыз.

Ширин Айтматовага байланышкан абал, актер жана куудул Владимир Зеленский жакында президент болуп калган, украиналык сценарийди эске салат. ММК маалыматтары боюнча, аны олигарх Игорь Коломойскийдин долбоору деп да аташууда. Албетте, мындай салыштыруу такыр эле туура эмес, мындайча айтканда масштабдары ар кандай, бирок, Украинада ставканы, кийин ийгиликтүү чыккандай, "Слуга народа" сериалынын каарманынын образына жасашса, ал эми Ширин Айтматованы, дүйнөгө белгилүү жазуучу - атасынын ысымына байланыштуу гана колдонушаары толук мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД