Бельянинов Ысык-Көлдө "Артек" сыяктуу лагерди ачууну сунуштады

Мурдагы Советтер Союзу мейкиндигинде балдардын жана өспүрүмдөрдүн активдүү эс алуусуна көңүл буруп жана буга тиешелүү борборлордун тармагын кеңейтүү керек. Бул тууралуу Москвада өткөрүлгөн эл аралык уюмдун "Интеграциянын гуманитардык аспекти: дүйнөлүк тажрыйба жана евразиялык практика" сессиясында Евразия элдеринин Ассамблеясы башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов билдирди.

ЕЭАнин башчысы белгилегендей, азыр Россияда совет мезгилинде "Артек", "Орленок" сыяктуу пионер лагерлери деп аталуучу балдардын эс алуучу жайлары кайрадан түзүлүп жатат. Аларга эл аралык статусу кайтарылып берилип, ар кайсы өлкөлөрдүн жаштары келип эс алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө. Бирок буга окшогон маанилүү багыттарды активдүү өнүктүрүү үчүн мындай лагерлер жетишсиз болууда.

Бельяниновдун айтымында, мындай эл аралык лагер Ысык-Көлдө ачылса жакшы болмок. Албетте, баардык маселелер барып эле бюджетке, акча каражатына такалат, бирок, бул тема Евразиялык экономикалык биримдик үчүн гана эмес, КМШ өлкөлөрү үчүн да актуалдуу болуп саналат.

-Бул биз бирге аткара тарган маселе, ошондуктан бул багытка олуттуу көңүл буруу керек, - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД