Сооронкулова Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусу жасалма экенин билдирди

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн Мамлекеттик комиссиянын корутундусу жасалма экендигин билдирди. Анын VB.KG редакциясына билдиргенине караганда, депутат Тынчтыкбек Шайназаровдун 12-декабрда парламенттин отурумунда окуган корутундусу, комиссиянын мүчөлөрү кол койгон варианттан алда канча айырмаланып турат.

-Мен мындай болоорун такыр күткөн эмесмин. Биздин комиссиянын корутундусу ЖМК жарыяланганында, аны кайрадан окуп чыкпаптырмын – анын башкача болуп чыгаары оюма да келбептир. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков өзүнүн фамилиясы корутундуга кирбей калганына нааразылыгын билдиргенден кийин гана шек санай баштадым. Чынында эле ал жөнүндө эч нерсе айтылбаптыр. Андан кийин Равшан Жээнбековдун "Атамбаев (мурдагы президент – ред.) коркок экен, үйүнө жашынып алды" деген сөзүн келтиришти. Бирок, ал мындай сөздөрдү айткан эмес. Комиссиянын мүчөлөрү андан, эмне үчүн Атамбаев үйүнөн чыкпай койду жана мунун баарын ("альфачыларды" барымтага алуу, анын тарапташтарынын милиционерлер менен кагылышуусу – ред) токтоткон жок деп көп сурашкан. Равшан Жээнбеков: "А өз өмүрүнө коркунуч туулуп жатса, кантип чыкмак эле," - деп жооп берген. Менин оюмча, корутундуга ага карата колдоо болбошу үчүн, анын сөздөрүн атайы бурмалап жазышкан, - деген оюн айтты Сооронкулова.

Ал ошондой эле комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин, эки корутунду жазылып калганын билдирди. Биринчиси боюнча акыркы жыйын өткөрүлүп, протокол түзүлүп, добуш берилген. Клара Сооронкулова ага каршы добушун берген, ал эми Жаркынбек Касымбеков кол коюудан баш тарткан. Исмаил Исаков ал жерде такыр жок болчу.

Кийин экинчи корутунду пайда болуп, анда күч структураларынын жетекчилеринин жоопкерчилиги боюнча тыянак жазылып, бирок, айтылган пикирлер протоколго киргизилген эмес.

-Корутундуга кол коюп жатканда, мен анын ар бир барагына кол коюуну сунуштагам, бирок, алар мындан баш тартышкан. Анын себебин мен эми түшүнүп отурам. Мына ошондон кийин башка вариант пайда болду. Бизди жыйынга чакырышканы менен, ал ачык өткөн жок, жадагалса протокол да түзүшкөн эмес. Мен алардан корутундунун көчүрмөсүн берүүнү сурадым эле, аны Өкмөт үйүнөн сыртка алып чыгууга болбойт деп, колума бербей коюшкан. Ошондуктан өзгөчө пикирди эске түшүрүү менен жазууга туура келди. Айтмакчы, комиссия мүчөлөрүнүн кол коюшун жыйын учурунда эмес, кимди кайдан көрүшсө, ошол жерден чогултуп жүрүштү, - деди экс-судья.

Мына так ушул себептен акыркы корутундуну эч кимдин колуна беришкен эмес, аны ЖМК жарыяланган жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген корутунду менен салыштыруу мүмкүнчүлүгү жок.

-Корутундунун жасалма экендигин далилдей аламбы, аны билбейм, анткени мурда добуш берилген текст менде калбашы үчүн баарын жасашпадыбы. Ал эми калгандарынын баары корутунду ушундай болгон деп айтып чыгышат болуш керек. Бирок, мага өзүм кол койгон протоколду алып келишсин, - деп сөзүн аяктады Сооронкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД