Бабанов саясаттан кетсе дагы, идеясы калды

Акыркы убакта "Республика" партиясынын лидери алмаша тургандыгы жөнүндө маалымат көп пайда болууда. Өмүрбек Бабанов, анын партиялаштарынын айтымында, жакынкы убакта лидерлик укугун өткөрүп берүүгө даяр. Саясый уюмдун жетекчилигине эки депутаттын – Мирлан Жээнчороев менен Кенжебек Бокоевдин талапкерлиги каралууда.

Жакында эле Бабанов саясатка кайтып келүүгө ниети жоктугун, Кыргызстанда ишкер жана жаран катары өз ролун аткара берерин билдиргендигин эске сала кетели. Анын үстүнө ал эки жылдан бери чет жакта жүрүп, кече жакында өлкөгө кайтып келбедиби.

Албетте, өлкөдөгү белгилүү саясатчылардын бири Өмүрбек Бабановдун буга окшогон "кайтып келбөө" планына ишенүү кыйын. Азыр деле анын түндүктөгү олуттуу колдоочулары жетиштүү. "Республиканын" лидеринин ири бизнеси да бар. 2017-жылдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Бабанов экинчи орунду ээлеп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго гана утулган.

Бабановдун саясаттан кетип жатканы өкүнүчтү жаратпай койбойт, анткени, "Республика" партиясынын лидеринин шайлоолордогу программасында мамлекеттин экономикасын өнүктүрүүнү жөндөй алган көптөгөн кызыктуу сунуштар камтылган. Эгер алар ишке ашып кеткенинде, Кыргызстан жакшы импульс алып калышы мүмкүн эле. Саясатчы мындан эки жыл мурда эле өнүгүүнүн башына саясатты эмес экономиканы койуу керек деп ачык айткан болчу. Мына ошондо гана мамлекеттин кандайдыр-бир өнүгүүсү жөнүндө сөз кыла алмакпыз.

-Өлкөнүн башкы кыймылдаткыч күчү – экономикада капиталдык ремонт жүргүзүлмөйүн, өлкөнүн өнүгүүсү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Экономика – ат, ал эми саясат – араба! Тескери болбошу керек. Экономикалык коопсуздук жана туруктуулук президенттин башкы милдети болуп саналат, - деп эки жыл мурдагы өз программасында Өмүрбек Бабанов белгилеген.

Азыр өлкөдө коррупциялык чыр-чатактарды эске алуу менен, саясатчынын антикоррупциялык багытын карап көрүү да кызыгууну жаратпай койбойт.

Ал коррупциялык кылмыш үчүн 25 жылга эркинен ажыратууну сунуш кылган. Анткени "аткаминерлер миллиондорду уурдап, өлкөнүн экономикасына миллиарддаган сомдук зыян тийгизип жатат" деген.

"Коррупция менен күрөшүү боюнча биздин программабыз бюджетке акчанын түшүүсүн жогорулатат. Бул аткаминерлердин айлык акысын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Мен алардын арасында өзгөрүүнү каалаган чынчыл аткаминерлер бар экендигине жана аларда ак эмгеги менен иштеп табуу мүмкүндүгү пайда болооруна ишенем, - деп мурда саясатчы белгилеген.

Анын принциптери менен Бабановдун өзүнүн саясаттан кетиши да үндөшөт. Ал "байлык менен ынсап ичинен, дайыма ынсапты тандап ала тургандыгын" бир нече жолу айткан.

-Буга далил катары, 2008-жылы митингге чыкканымды жана 2007-жылы ошол кездеги КСДП менен бирге болгонумду айтсам болот", - дейт ал.

Бирок, "Республиканын" мурдагы лидеринин көп убакыт бою ишке ашырууга аракет кылган, Кыргыз Республикасына президенттик башкаруу формасын кайтаруу боюнча өзгөчө ою болгон. Буга олуттуу негиздер бар болчу. 2010-жылдагы революциядан кийинки тогуз жылда, өлкөнүн парламенти "7-кабатка" кылчактабаган мамлекеттик бийликтин өз алдынча звеносу боло алган жок.

Соңку 6-чакырылышты бул мыйзам чыгаруу органынын тарыхында "чөнтөк жана жетеленме Жогорку Кеңеш" деп атап алышты. Демек, жүрүп жаткан баардык саясый көрүнүштөргө карабастан, парламенттик башкаруу формасы Кыргызстанда ишке ашпай калды. Жада калса чечим кабыл алуу боюнча бирдиктүү борбору жок. Жыйынтыгында бийликтин бир дагы бутагы күчтүү эмес жана чечимди кабыл алууда жоопкерчиликти өзүнө ала албайт. Бул жөнүндө жергиликтүү эксперт-саясат таануучулар ачык эле айтышууда. Алар эртеби-кечпи Кыргызстан башкаруунун президенттик формасына кайта тургандыгын белгилешүүдө. "Чынында, ал цивилизациялуу саясый процесс болобу же кезектеги революция болобу белгисиз. Кыргызстан бирдиктүү башкаруусуз ийгиликтүү өнүгүү жолуна түшө албай тургандыгы белгилүү эмеспи". Өмүрбек Токтогулович да ушундай пикирди карманат.

"Башкаруу системасы же президенттик же парламенттик болууга тийиш. Кыргызстан ылайыктуу башкаруу формасын тандап алмайынча, эч бир өнүгүү болбойт. Аралаш башкаруу системасы – бул ресурстардын туура эмес чыгашасына алып келет. Мен 2015-жылы эле аралаш системанын кереги жок деп айткам. Келечекте депутаттардын санын кыскартууну да пландаштыруудамын, - деп ошол кезде Бабанов белгилеген.

Ал ошондой эле мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү үчүн өлкөнү ким -премьер же президент башкара тургандыгын тандап алуу да маанилүү экендигин белгилеп кеткен.

-Элибизде "Кимдин башкаруучулары көп болсо, ал байыбайт" деген макал бар. Мамлекеттик аппарат чоң эмес жана ыкчам болушу керек. Мына ошондо ал эффективдүү да болот - деген Бабанов.

Эки жыл өтсө да анын айткан сөздөрү маанилүү экендиги түшүнүктүү болуп отурат. Президенттик башкаруу формасына каршы болгондор, аны кайтаруу кезектеги бийликти өзүнө ыйгарып алууга алып келет деген ишеничте болушууда. Бирок аны Жогорку Кеңеш көтөргөн демилгелерге мамлекет жетекчиси тарабынан айтылган пикирине көз каранды болуп жаткан парламенттик башкаруу формасы түзө алмак беле?

Эгер Өмүрбек Бабановдун саясый программасы ишке ашканында Кыргызстан мындан утуш гана алмак. Ошондой болгону менен, Өмүрбек Токтогулович саясаттан кетсе дагы, идеясы калды. Ал эми бул идея өз жемишин бере алабы, эми анын партиясына жана келечектеги лидерине байланыштуу болмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД