ЖМК: Эмне үчүн Россия БАны согушкерлер кирип келет деп коркутууда?

Эмне үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ЖМКалары Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин согушкерлер Борбордук Азияга кирип келүүгө даярданып жаткандыгы тууралуу билдирүүсүнө көңүл бөлбөй коюшту. Бул суроого "Реалист" МА үчүн казакстандык журналист Руслан Бахтигареев жооп берди:

-Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев ИГИЛ Борбордук Азияга кирип келүүгө даярданып жаткандыгын билдирди.

Биздин соңку жолугушуубуздан бир жыл өткөндөн бери, Афганистанда коопсуздук абал мурдагыдай эле туруктуу эмес жана начарлап бара жатат. Анын үстүнө ИГИЛ согушкерлери топторунун бекемделүүсү тынчсызданууну көп жаратууда. Игилчилердин негизги күчү Афганистандын түндүгүндө бекемдеп орун алууга жумшалууда. Ал жакта эки миңден ашык согушкерлер жайгашып, талибдерге каршы аракет кылууга жана Борбордук Азиянын аймагына Тажикстан менен Түркмөнстан аркылуу кирип келүүгө даярданып жатышат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, игилчилердин башкы максаты, күч структураларынын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле чет элдик жарандардын орун алган жайы болуп саналат", - деп Тегеранда өткөрүлгөн Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жана Афганистандын улуттук коопсуздугунун кеңешчилеринин жолугушуусунда айтылды.

Мындай катуу билдирүүдөн кийин, чочулап коркуу менен коңгуроо кагып, жалпы борбордуказиялык коркунучту жарыялоо керек эле. Бирок, эмне үчүндүр Борбордук Азия ЖМКалары Патрушевдин сөзүн мисал келтирүү менен эле чектелишти. "ИГИЛдин кирип келүүсү" жөнүндө башка жаңылыктар жокко эсе.

Мисалы түркмөнстандык жаңылыктар сайтында "Каракум" ырын музыкага түшүргөн "улуу даражалуу президент" жөнүндө айтылып жатты. Кыргызстандык ЖМКанын күн тартибинде – Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана анын үй бүлөсүнүн жергиликтүү журнлисттерге доо арызы көрсөтүлүдү. Өзбектер президент Шавкат Мирзиёев менен жолугушуу тууралуу жана алманын жетишпей жаткандагы маселени айтып жатышты. Казакстанда – кезектеги кадрдык алмашууларга жана кызматтык дайындоолорго активдүү көз салышууда. Жалгыз гана тажикстандык ЖМК ИГИЛ коркунучуна көңүл бургансыды. Мисалы, алар Индиянын афгандык абалды тынчытууга катышуусун жана Ирандын ШОС уюмуна киргенден кийин ийгиликтүү кызматташууну кубаныч менен жазып жатышат.

Патрушев айткан коркунуч чынында эле кооптуубу? Алгач ошол ИГИЛдин эки миңден ашуун согушкерлери Борбордук Азияга кирип келсе, кандай күч менен кагылыша тургандыгын карап көрөлүчү. Бул үчүн Global Firepower глобалдык согуш күчүнүн рейтингине кайрылып көрөлү.

Кана, бизде эмне бар:

Тажикстан – 9 миң аскер

Кыргызстан – 11 миң

Казакстан – 40 миң

Өзбекстан – 5- миң аскер

Жалпы саны – 146 миң аскер. Жада калса тажикстандык 9 миң аскер игилчилерден көптүк кылат экен.

Эгер ИГИЛдин Борбордук Азияга кирип келүүсү ишке ашпай тургандыгын эске алсак, алар ошол эле Кытай (2 693 млн аскер), ошол эле Россия (3 586 млн) жана ошол эле Индияга (3 462 млн) да кире алышпайт.

Ооба, албетте, эгер игилчилердин Афганистанга чектеш бир өлкөгө кирип барган учурунда деле, калгандары чет тарапта калат, бирок, мындай көрүнүш болушу мүмкүн эмес.

Биринчиден, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Россия ОДКБнын курамына киришет. Ал эми бул уюмдун уставында, "эгер туруктуулукка, аймактык бүтүндүккө жана эгемендүүлүккө согуштук коркунуч туулса, коалициялык күчтөр аркылуу сокку берилет" деп так жазылган.

Ооба, Өзбекстан тараптан кирип келүү коркунучу бар, анткени, ал ОДКБнын курамына кирбейт, демек, бул уюмдун колдоосуна ишенүүгө болбойт деген ой кетиши да мүмкүн. Бирок, бул да жаңылыштык болуп саналат. Анткени, биринчиден Өзбекстандын, эгер коркунуч туулган күндө аскердик жардам бериле тургандыгы боюнча Россия менен келишимдик макулдашуусу бар. Экинчиден, бул региондо Өзбекстан өзү күчтүү куралдуу күчкө ээ. Салыштырып көрсөк: Global Firepower глобалдык согуш күчүнүн рейтинги боюнча, Өзбекстан 19 орунда, ал эми жакынкы коңшу Казакстан - 23 орунда турат.

Үчүнчүдөн, дагы бир ШОС деген уюм бар, анын курамына ошол эле Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Пакистан кирет. Ал эми ШОСтун уставында да "региондо тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо жана камсыз кылууда бирдиктүү аракет көрүлөт" деп жазылган.

Ошондуктан, "эки миңден ашык согушкерлерге" Борбордук Азияда жооп берүүчү күч бар. Айтмакчы, Патрушев ошол жолугушууда Афганистандагы ИГИЛ согушкерлеринин саны ар кандай маалыматтар боюнча 4 миңге жетет деп билдирди. Ага чейин Москвадан алардын саны 3 миңден - 6 миңге жетет деген цифралар аталган. Бирок, ошондо Афганистандын жана АКШнын согуштук ведомстволору буга жооп кылып, Москва коркунучту "көбөйтүп" жибергенин айтып чыгышкан.

Анда эмне үчүн мындай коркунучтар жөнүндө айтылууда? Мунун себептери көп болушу мүмкүн. Бул ошол эле 2020-жылга карата согуштук бюджеттин түзүлүшү. Бул ошол эле, эгер бир нерсе болуп кетсе, Россия жардамга келерин эске салуу менен, региондогу саясый аренада өз позициясын бекемдеп алуу сыяктуу аракеттер.

Казакстандык саясатчы Ислам Кураев белгилегендей, Россиянын Өзбекстанда аскердик базасын, Казакстанда кошумча дагы бирин ачууну каалаган максатына - ИГИЛ жакшы себеп болмокчу.

-Бирок ИГИЛ үчүн Борбордук Азия – жагымдуу регион эмес. Бул жерде динге катуу берилген адамдар аз, калктын жыштыгы кичине, ал эми шаарлардын аралыгы абдан алыс. Аскердик көз караш менен алганда, ИГИЛ согушкерлеринин биздин регионго кирип келүүнү каалаганы – акылсыз чечим, - деп эсептейт саясатчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД