Кайгуул милициянын кызматкерлери мектептерге барып сабак өтүүдө

Бишкек ШИИББи боюнча МККБнын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунда жайгашкан №8чи жана №50 -орто мектептерге, Свердлов районундагы № 52-жалпы билим берүүчү орто мектептерге барып, окуучуларга жол кырсыктарынын алдын алуу,жол эрежелерин сактоо жана жаш өспүрүмдөргө 102 номурун кандай учурда пайдаланып,кылмыштуулуктун жана жооруктардын алдын алуу багытында жаш өспүрүмдөрдүн окуу процессине ылайык кененирээк маалымат беришти.

Акыркы учурда жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктары көп катталгандыгын эске алып,алардын алдын алуу максатында окуучуларга анимациялык фото видео - роликтер көрсөтүлүп,суроо-жооп иретинде ачык сабактар өткөрүлдү.Ошол менен бирге коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактап, кечкисин коомдук жайларга чыкканда сөссүз түрдө ата - энеси,же көзөмөлдөгөн жакын туугандары болуусун эскертти.

Белгилеп кетүүчү нерсе азыркы учурда милициянын кайгуул кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында Бишкек шаары боюнча ар бир мектепке бөлүнүп,эртемененки саат 7:00дөн 8:00гө чейин мектептердин автоунаа каттоочу көчөлөрүндө же ошого жакын жол өтмөктө окуучулардын коопсуздугун козөмөлдөп турууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД