Экс-спикер "Ынтымак" көкбөрүчүсүнүн ар бирине 100 миң сомдон сый акы берди

Экс-спикер Дастанбек Жумабеков "Ынтымак" командасынын ар бир мүчөсүнө Президенттин кубогунда жеңишке жетишкени үчүн 100 миң сомдон сый акы берди. 12 киши бул акчалай сыйлыкты алды, бул тууралуу Бакай Абдымалик VB.KGге айтып берди.

Д.Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган мезгилде Көк-Бөрү боюнча Талас облусунун жетекчисине, эгерде Талас облусунун командасы республиканын ичинде чоң мелдештердин бирин же Президенттин кубогун жеңсе, жеке өзүнүн атынан сый акы болорун убадалаган экен. Бүгүн ошол убадасына турду, дейт Б.Абдымалик.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД