"Өнүгүүнү кааласак, "чарчаган чалдардын командасын" эс алууга узаталы"

Баардык тармактарга мите курттай отурукташып алып, өзүнүн керт башынын жыргалчылыгы үчүн күн кечирген "чарчаган чалдардын командасынан" кутулбасак, өнүгүү тууралуу сөз кылбай эле койгонубуз оң. Мындай ой-пикирин VB.KG ге журналист жана блогер Бакай Абдымалик билдирди.

Анын айтымында, "чарчаган чалдар" республика боюнча бирден мекемени "ээлеп алышып" алды 30 жыл, аркасы 15 жылдан бери ордунан "былк этпей", хандардай доор сүрүүдө.

"Буларда, өздөрү жетектеген мекеменин ишин "алдыга жылдыруу" - деген түшүнүк такыр жок", - дейт Абдымалик. Ошол эле мезгилде, жогорку билимдүү, 100 миңдеген жаштарыбыз, жумуш орду менен камсыз болбой айласыздан мигранттык турмушту башынан кечирип "бөлөк эл, бөтөн жерде" жүрөт.

""Чарчаган чалдар" болсо, айлыктарын 10-15 миң болгону менен "хансарайларда" өмүр кечиришет. Айдагандары кымбат баалуу "жолтандабас". Кызматкерлерин каалагандай калчап штаттык бирдиктерин "соодалап" ошону менен оокат кылышат. Тендерден "тең бөлгөн" жоруктары өзүнчө жомок", - деп билдирди көп жылдан бери Талас областында губернаторлордун пресс-катчысы болуп эмгектенген журналист.

Азыркы тапта карапайым калк жаңы бийликтен чексиз үмүт артып, өзгөрүүнү, өнүгүүнү күтүүдө. Азыр заман башка. Доор башка. Дүйнө бизден күн сайын жаңы нерсени талап кылууда.

"Чарчаган чалдардын командасында" санариптештирүү, жаңы технологиялар, инновация, маркетинг, менеджмент деген түшүнүктөр ныпым жок. Кыскасын айтканда, "жаш келсе ишке, кары келсе ашка" - демекчи жаштарга жол берели. Өнүгүүнү чын эле кааласак, кан алмаштырып "чарчаган чалдардын командасын" чепкен жаап ардактуу эс алууга узатуу мезгили бышып жетилди, - дейт журналист.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД