Маркум Мухаметалы Жантаевдин көзү тирүү болгондо 44 жашка чыкмак

2020-жылдын июнь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун Тез чара көрүү бөлүмүнүн 112-диспетчердик кызматынын жетекчиси, полковник Мухаметалы Жантаев 43 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Жантаев Мухаметалы Жуманович 1977-жылы 14-февралда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Шакафтар айылында туулган.

Чаткал районуна карашту Сумсар орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. Кийин 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Токтогул районунун Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын Өрткө каршы мамлекеттик көзөмөл тобунун инженери болуп баштаган.

8 жыл Чаткал райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн улук инспектору, кийин Диспетчердик кызмат бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Бишкек шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин диспетчердик кызматынын башчысы, 2019-жылдан бери - Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалды башкаруу борборунун Тез чара көрүү дирекциясынын 112-диспетчердик кызматынын башчысы болуп иш алып барган.

"Аябай чынчыл инсан эле, өз жумушун так аткарган, мекенибизге таза кызмат кылды, деп ишенебиз. Бир туугандарынын баарына камкор болчу. Артында 4 уул 1 кызы калды. Бүгүн, 14-февраль туулган күнү эле, бирок жаныбызда жок. Шум ажал арабыздан жулуп кетти. Баарыбыздын жүрөгүбүз ооруп, кайгырып отурабыз", - деп туугандары, жакындары Мухаметалы Жантаевди эскеришет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД