Жергиликтүү кеңештерде республика боюнча болгону 10,8 пайызы аялдар

Ош шаарында аялдардын жергиликтүү шайлоого катышуусун кеңейтүү жана аларды тартуу боюнча маалыматтык өнөктүктү өткөрүү долбоорунун алкагында жыйын болуп өттү.

Ош шаардык мэриясынын билдирүүсү боюнча, ага Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов, КРнын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Ош аймактык шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Расулбек Кадыров, шаар жана облустардан келген активист аялдар, жергиликтүү кеңештердеги депутат айымдар катышты.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү жыйындын максаты 2021-жылдын жергиликтүү шайлоого жергиликтүү жамааттардын, анын ичинен айымдардын, катышуусун жогорулатуу экендигин белгилеп, 30% айымдардын шайлоого катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүүгө чакырды.

Кыргызстан боюнча бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш бар, анын 31и шаардык жана 453 айылдык кеңештер.

Жергиликтүү кеңештерде республика боюнча бардыгы 8 722 мандат. Анын ичинен: эркектер – 7 783 (89,2%), аялдар – 933 (10,8%).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД